Өзбекстан электр тармактарын модернизациялоо үчүн АӨБден 200 млн доллар насыя алат
Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Өзбекстан менен электр тармактарын модернизациялоо үчүн 200 млн доллардык насыя келишимин кол койду. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди. Келишим 15-октябрда Таиланддын Бангкок шаарында АӨБ президенти Масато Канда жана Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары, экономика жана финансы министри Жамшид Кучкаров тарабынан кол коюлду.