Археологдор Өзбекстандагы Жаркутан эстелигинен бронза доорунун турмушу тууралуу жаңы далилдерди табышты
Маалымат боюнча, Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы Жаркутан эстелигинде археологдор байыркы үйлөрдү, төрт бүтүн керамика идишин, чарба чуңкурларын жана баланын көмүгүн табышты. Табылгалар адамдардын бронза доорунда үй курушун, турмушун жана мүрзөлөрүн кантип коюшканын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Маалыматты Podrobno.uz басылмасы жеткирди.