«Тамчы» эркин зонасы fDi рейтингинде дүйнөдө экинчи орунду ээледи
Кыргызстандын «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы (СФИТ) Global Free Zones of the Year 2026 рейтингинин «Көтөрүлүп жаткан жылдыздар» категориясында Азияда биринчи, дүйнөдө экинчи орунду ээледи. Жыйынтыктарын 15-октябрда Financial Times бөлүмү fDi Intelligence жарыялады. Бул категорияда дүйнө боюнча биринчи орунду Улуу Британиянын Liverpool City Region Innovation Zone аймагы алды.