Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 8 айда 13,3%га өстү
Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2026-жылдын январь–август айларында 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 13,3%га өсүп, 12 млрд доллар болду. Алдын ала маалыматка ылайык, бул көрсөткүчтөрдү Улуттук статистика комитетинин биринчи орун басары Назира Керималиева 15-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында жарыялады.