Өзбекстан жарылуудан кийин да Россиянын газын алууну улантууда
Өзбекстан Россиядагы «Борбордук Азия — Борбор» негизги газ түтүгүндөгү жарылууга карабастан, колдонуудагы келишимдерге ылайык Россиянын газын алууну улантууда. Энергетика министрлигинин жана Экономика жана финансы министрлигинин өкүлдөрү бул маалыматты 14-октябрда энергетикалык тарифтерди реформалоого арналган басма сөз конференциясында айтышты.