Өзбекстан менен ЭАФК транспорт жана энергетика долбоорлорун талкуулашты
Өзбекстан менен Эл аралык финансылык корпорация (ЭАФК) инфраструктура, энергетика, суу чарбасы жана жеке сектордун өнүгүшү боюнча кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Жолугушууну Өзбекстандын экономика жана финансы министринин орун басары Жамшид Кучкаров ЭАФКнын Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия боюнча аймактык вице-президенти Имад Фахури менен 2026-жылдын 15-октябрында Бангкокто, Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын жыйындарынын четинде өткөрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.