Алиев: Армения ок атууну токтотуу режимин бузду
Азербайжан Президенти Ильхам Алиев 2020-жылдын 19-октябрында Россиянын ТАСС маалымат агенттигине видеоинтервью берди. Day.Az аны АЗЕРТАЖга шилтеме кылып тартуулады. Тоо Карабагы боюнча суроолорго жооп берген Алиев, Армениянын Москвада макулдашылган ок атууну токтотуу режимин олуттуу бузгандыгын айтты. Анын сөзүнө караганда, Гянжа шаары түнү чабуулга туш болуп, турак-жай аймактары соккуга алынып, көп адам каза болуп, жаракат алган.