Башкортстанда 500 миң адам грипке каршы эмдөө алды
Башинформ маалымат агенттигинин кабарлоосунча, Россиянын курамындагы Башкортстан Республикасында бүгүнкү күнгө чейин 500 миң тургун грипке каршы эмдөөдөн өттү. Адистер ооруудан коргонуу үчүн эмдөө жасоону сунуштайт.