Бишкекте 1 104 үй-бүлө «Мурас» турак жай комплексинен батирдин ачкычын алды
Бишкекте 1 104 үй-бүлө Мамлекеттик ипотека компаниясы (ГИК) курган «Мурас» турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычын алды. Тапшыруу аземи 14-октябрда өттү, анда президент Садыр Жапаров катышты, бул тууралуу мамлекет башчысынын администрациясы кабарлады. Батирлер Маликов көчөсүндөгү комплекстин үчүнчү курулуш этабынын алкагында берилди.