Россиядагы газ түтүгүндөгү авария Өзбекстанга транзитке таасир этпеди
Россиянын Пенза облусундагы магистралдык газ түтүгүнүн үзүлүшү Россиянын газын Казакстанга жеткирүүгө жана анын Өзбекстанга транзитине таасир этпеди. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Казакстандын Энергетика министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматынча, Казакстанга газ жеткирүү нормалдуу режимде уланууда, ал эми Өзбекстанга багытталган транзит пландаштырылган көлөмдө ишке ашырылууда. Министрлик «Газпром»дон жеткирүү режимин өзгертүү боюнча суроо-талап түшпөгөнүн да кошту.