Армян досторубузга ишенебиз — Иран тышкы иштер министри
16-октябрда Иран тышкы иштер министри Аббас Арагчи Ереванда журналисттерге TRIPP долбоору жана АКШнын аймактагы катышуусу тууралуу суроого жооп берди. Ал Иран АКШнын аймакта жана анын айланасында кандай формада болбосун катышуусунан тынчсызданарын айтты, бирок Тегеран Армениянын Иран коопсуздугуна каршы аракет кылбайт деп ишенет.