Европа Биримдиги Кыргызстанга мектеп реформасы үчүн 6 млн евро грант берди
Европа Биримдиги Кыргызстанга 6 млн евро өлчөмүндөгү гранттык бюджеттик колдоо көрсөттү, бул болжол менен 592 млн сомго барабар. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги каражаттын 2026-жылдын 16-октябрында түшкөнүн билдирди. Каражат Билим берүү тармагын реформалоо келишими (ESRC) программасынын алкагында бөлүнгөн.