Мицкоски: сүйлөшүүлөрдөн баш тартпайбыз, Болгария менен диалог чакырыктарын күчөтөбүз
Түндүк Македониянын премьер-министри Христиан Мицкоски, Ива Михайлованын Болгарияга качып кеткенинен кийин эки өлкө ортосунда пайда болгон чыңалуу өлкөнүн Европа Бирлигине интеграциялануу процессине карата позициясын өзгөртпөйт деп билдирди. Мицкоски көйгөйлөрдү чечүү максатында Болгария менен жолугушуу жана диалог чакырыктарын күчөтөөрүн айтты.