Казакстан мунайды Азербайжан аркылуу жеткирүүнү кеңейтүүнү пландаштырууда
Казакстан Азербайжан аркылуу Транскаспий багыты боюнча мунай жеткирүүнү кеңейтүүнү пландаштырууда. Бул жөнүндө «КазМунайГаз» улуттук компаниясынын башкарма төрагасы Асхат Хасенов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатканда билдирди. Маалыматты Day.Az казакстандык массалык маалымат каражаттарына шилтеме кылып берди.