Азербайжан менен Кытай күн жана деңиз шамал энергиясы долбоорлорун талкуулашты
Азербайжан менен Кытай 100 МВт кубаттуулуктагу күн жана 200 МВт кубаттуулуктагу деңиз шамал энергетикасы долбоорлорун, ошондой эле Жашыл энергетика коридорундагы катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Report маалымат берүүсүнө ылайык, муну энергетика министри Парвиз Шахбазов X социалдык тармагындагы эсебинде билдирген.