Башкортстанда АӨК кадрларын мектеп скамейкасынан даярдашат: 248 агрокласс
Башкортстан башчысы Радий Хабиров республикадагы агроөнөр жай комплекси (АӨК) үчүн кадрлар даярдоо иштери тууралуу айтты. Анын социалдык тармактагы баракчасында билдирилишине караганда, 42 муниципалитеттин 150 мектебинде 248 агрокласс түзүлгөн. Көптөгөн мектеп замандын талабын жана экономиканын муктаждыгын эске алып, агрокластарды өз демилгеси менен ачып жатат. Бул класстарда айыл чарбасынын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу предметтер окутулат, ал эми балдар практиканы алдыңкы агрардык ишканаларда өтөшөт.