АӨБ жана Каракалпакстан жаңыртылган меморандумга кол койду
Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жана Каракалпакстан Республикасы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүн колдоо максатында шаршемби күнү жаңыртылган өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду. Документке АӨБнын Өзбекстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Канокпан Лао-Араи жана Каракалпакстан Министрлер Кеңешинин төрагасынын орун басары Ажинияз Кайпназаров кол койду.