Түрк мамлекеттеринин жаштар саясатындагы жаңы кадам
Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн жаштар жана спорт маселелери боюнча жооптуу министрлеринин 10-жыйылышы Кыргызстандын Бишкек шаарындагы «Ак-Кеме» конок үйүндө өттү. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин төрагалыгы менен өткөн иш-чарада Өзбекстан, Түркия, Азербайжан жана Казакстан делегациялары, ошондой эле ТМУ Баш катчысынын орун басары Нури Гулиев катышты.