Өзбекстандагы кичине АЭС энергоблоктордун фундаментин куюу 2026-жылы аяктайт
Өзбекстандагы атомдук электр станциясынын эки кичине энергоблогунун фундаменттик плитасына бетон куюуну 2026-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда. Бул тууралуу «Росатомдун» башкы директору Алексей Лихачев ТАСС маалыматына таянып, журналисттер менен сүйлөшүүдө билдирди. Ар бири 55 МВт кубаттуулугу бар RITM-200 реакторлуу энергоблоктор Жизак облусундагы интеграцияланган АЭС долбоорунун алкагында курулууда.