Түркмөнстан менен Грузиянын тышкы иштер министрлери эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты
Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов 22-октябрда Батумиде Грузиянын вице-премьери жана тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен жолугушту. Тараптар ар кандай тармактарда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.