Түркмөнстан Президенти БУУнун превентивдик дипломатия борборун пайдаланууга чакырды
15-октябрда Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Бакуда өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңештин (СВМДА) VII Саммитинде сөз сүйлөдү. Ал континенттеги тынчтыкты, коопсуздукту жана өз ара ишенимди бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө басым жасады жана Борбордук Азия үчүн БУУнун Превентивдик дипломатия боюнча аймактык борборунун потенциалын активдүү пайдалануу сунушун айтты.