Кыргызстан 2030-жылга чейин демографиялык абалды кантип жакшыртууну пландап жатат
Кыргызстанда 2026–2030-жылдарга карата демографиялык саясаттын негизги багыттары аныкталды. Бийлик үй-бүлөлөрдүн турмуш шартын жакшыртууну, билим берүү жана саламаттык сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнү жана ата-энелер үчүн кошумча жумуш мүмкүнчүлүктөрүн түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.