Рустам Минниханов Кыргызстанда «Ак-Илбирс» кар барсы илимий-изилдөө борборун ачты
Кыргызстанда, Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында Кар барсын коргоо боюнча эл аралык күнгө карата «Ак-Илбирс» илимий-изилдөө борбору ачылды. Салтанаттуу иш-чарага Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Миннихановдун жетектөөсүндөгү делегация катышты. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кар барсынын өлкөнүн улуттук символу катары таанылгандыгын эске салды.