Кыргызстанда эң төмөнкү эмгек акыны 2027-жылдан баштап үч эсеге жакын көтөрүү сунушталууда
Кыргызстанда 2027-жылдан баштап эң төмөнкү эмгек акыны учурдагы 3 280 сомдон 9 800 сомго чейин көтөрүү сунушталып жатат. Эгер парламент демилгени колдосо, мыйзам менен белгиленген минимум 6 520 сомго, же 198,8%га өсөт. Сунуш 2027-жылга жана 2028–2029-жылдарга пландалган республикалык бюджеттин долбоорунда камтылган.