Казакстан Шымкентте KGIR-2026 алкагында 4,8 млрд долларлык инвестициялык келишимдерге кол койду
Премьер-министр Олжас Бектенов Шымкентте өткөн IX Kazakhstan Global Investment Roundtable (KGIR-2026) жыйынына катышты. Жыйынга 40тан ашык өлкөдөн 500дөн ашык инвестор жана бизнес өкүлдөрү катышты. Пленардык сессияда премьер-министр өткөн жылы Казакстандын ИДПсы 300 млрд доллардан ашып, 6,5% өскөнүн, ал эми көз карандысыздык жылдарында өлкөгө түздөн-түз чет элдик инвестициялар дээрлик жарым триллион доллар тартылганын билдирди.