АКШ Өзбекстанга чакан модулдук ядролук реакторлордун технологиясын сунуштоодо
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон Өзбекстанда американдык чакан модулдук ядролук реакторлорду ишке киргизүү жана өлкөнүн электр жана газ бөлүштүрүү тармактарын модернизациялоо боюнча иш жүргүзүп жатканын айтты. Ал бул тууралуу Президент Шавкат Мирзиёев катышкан Америка-Өзбекстан бизнес жана инвестициялык кеңешинин жыйынында билдирди. Рубио кайсы реактор долбоорлору, кайсы америкалык компаниялар катышышы мүмкүн жана сүйлөшүүлөр кайсы этапта экенин так айткан жок.