Казакстан бензин жана дизель үчүн кошумча акцизди 50 пайызга түшүрмөкчү
Казакстандын Улуттук экономика министрлиги 2027-жылдын 1-январынан тартып бензин жана дизель отунуна салынуучу кошумча акциз үлүшүн 95 пайыздан 50 пайызга чейин төмөндөтүү пландаштырылып жатканын билдирди. Министрлик бул жанар май куюу бекеттериндеги баанын автоматтык түрдө арзандашын билдирбейт деп белгиледи.