Өзбекстан менен АКШнын экономикалык байланыштарын кеңейтүү маанилүү
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Өзбекстан менен АКШнын ортосундагы мамилелер тарыхындагы «эң жогорку деңгээлге» жеткенин билдирди. 19-октябрда Самаркандта өткөн Америка-өзбек бизнес жана инвестициялык кеңешинин экинчи жыйынында ал Дональд Трамптын бул өнүгүүдөгү ролун баса белгиледи.