Пашинян: Азербайжан менен тынчтык келишимине мүмкүн болушунча тез кол коюуга аракет кылынат
Армения өкмөтүнүн кечээ болгон жыйынында Азербайжан менен мамилелер талкууга алынды. Премьер-министр Никол Пашинян өкмөтүнүн Азербайжан менен тынчтык келишимине мүмкүн болушунча тез кол коюуга аракет кылып жатканын жана бул процессти 2031-жылга чейин кечиктирбей турганын билдирди. Ал документке ошол мезгилге чейин кол коюуну көздөгөнүн, кол коюу жана ратификациялоо өкмөттүн саясий багытынын бир бөлүгү экенин айтты.