Казакстандын Улуттук банкы базалык ставканы 15,75%ке чейин түшүрдү
Казакстандын Улуттук банкы базалык ставканы 16,25%дан 15,75%ке чейин түшүрдү. Egemen Qazaqstan басылмасынын маалыматы боюнча, чечимге жылдык инфляциянын басаңдашы жана теңгенин бекемделиши таасир эткен. Сентябрь айынын жыйынтыгы боюнча Казакстанда жылдык инфляция 9,3% түздү, инфляциянын төмөндөө тенденциясы катары менен 12 ай бою уланып келет.